Интернетте сатып алууларды жана төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүү

3D Secure кызматы менен интернетте КЫРГЫЗСТАН банкынын Visa карталары аркылуу сатып алууларды жана ар түрдүү кызматтарга төлөмдөрдү коопсуз жүргүзсөңүз болот.

Артыкчылыктар

  • Коопсуз: Сиздин картаныз бир колдонумдуу пароль менен корголгон, ал пароль Сизге гана жеткиликтүү жана бир гана сатып алууга жарайт. 
  • Жөнөкөй: Каттого муктаждык жок, болгону смс-маалымдоо кызматын кошуу керек, кызмат озу иштей баштайт. 
  • Ыңгайлуу: Паролду жаттап кереги жок. Сиз сатып алууну же төлөмдү жүргүзөөрдө жаңы бир колдонумдуу пароль жөнөтүлүп турат.

3D Secure технологиясы — глобалдык  Verified by Visa  программасынын болугу болуп саналат,  уникалдуу система интернетте сатып алууларды жана ар түрдүү кызматтарга төлөмдөрдү коопсуз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

 

Интернет-дүкөн программага катышып жатса, төмөнкүдөй логотипке ээ болот:

Интернет-дүкөндө сатып алууларды жана ар түрдүү кызматтарга төлөмдөрдү жүргүзүп жатканда, кызматты активация кылган учурда Сизге пароль киргизүү сунушталат. Пароль бир колдонумдуу болуп эсептелет (бир гана сатып алууга жарайт) жана Сиз көрсөткөн телефон номерине SMS-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт. Пароль ийгиликтүү киргизилгенден кийин төлөм жүргүзүлөт.

 

Кызматты активдештирүү үчүн Сиз Visa картанызга SMS-маалымдоо кызматын кошуунуз керек. 3D secure кызматы акысыз сунушталат, SMS-маалымдоо кызматы үчүн 1 айга 45 сом алынат.


Verified by Visa катышуучусу болбогон интернет-дүкөндөрдө сатып алууларды жүргүзсөм болобу?

Болот, бирок Сиздин төлөм 3D Secure технологиясы менен  корголбойт.

 

Сатып алууларды Сиз билген-тааныган интернет-дүкөндөрдө жүргүзүнүз.

Сиз билип тааныган дүкөндөрдө соода жүргүзгөн коопсуздук жагынан туура жана ишенимдүү.

 

Эгер төлөм өтпөсө, Сиз төмөнкүлөрдү аткарышыныз керек

  • тактап билуу:
    • Сизд SMS-маалымдоо кызматына кошулгансыз жана Банкка туура телефон номерин бердиниз. Сизге ынгайлуу болуш үчүн паролду киргизүү жеринде Сиздин телефон номериниздин акыркы 4 цифрасы көргөзүлгөн. Карап тактап көрсөнүз болот.

    • Сиздин телефон өчүк эмес, эсеп жеткиликтүү жана Сиз мобилдик байланыш сигналдарын кабыл алуу чөйрөсүндөсүз. 
    • SIM-картанызда жаны SMS-билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн телефондо орун жеткиликсиз же аз. Эски SMS-билдирүүлөрдү өчүрүп орун бошотсонуз болот.
    • Эсеп жеткиликтүү жана жабык эмес. Сиздин тарифтик планга ылайык Сиз SMS-билдирүүлөрдү кабыл ала аласыз жана роуминг кызматы кошулган (эгер сиз тармактан сырткары болсонуз).
  • Паролду киргизүү жеринде "Паролду кайра жөнөтүү" кызматы менен колдонуу.

Эгер төлөм өтсө демек Сиздин сатып алуунуз бир колдонумдуу паролго муктаждык жок, бул операциялар коопсуздук системасы менен контролдолот.