Корпоративдик карталар

Корпоративдик карта — сиздин компаниянын кызматкерлерин командировкалык, өкүлчүлүк жана чарбалык чыгымдарды төлөөнү уюштуруу жана контролдоо үчүн идеалдуу каражаты.

Корпоративдик карта төмөнкү чыгашаларды төлөөгө ыңгайлуу ыкма:

  • Мекеменин негизги ишмердүүлүгүнө байланыштуу чыгаша:
    • товардарды сатып алуу, тапшыруучулар менен эсеп жүргүзүү;
    • компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө байланыштуу кызматтарды төлөө.
  • Командировкалык жана өкүлчүлүк чыгашалар:
    • ресторандарларда төлөө;
    • билеттерди сатып алуу;
    • мейманканада жашоону төлөө;
    • автоунааларды ижарага алуу;
    • күнчыгымдарды алуу.
  • Чарбалык жана кошумча чыгашалар:
    • кеңсе товарларды, офис жабдууларды, программалык камсыздоону сатып алуу;
    • интернетте төлөм жүргүзүү (окутуу материалдарды, китептерди ж.б);
    • кесиптик, чабарман жана башка кызматтарды төлөө;
    • башка чарчалык чыгашалар.

Нак акчанын жанында корпоративдик картанын артыкчылыктары

  • көзөмөл: ар бир карта үчүн лимит коюлат, лимиттен ашык чыгымдар мүмкүн эмес;
  • акчаны жана убакытты үнөмдөө: корпоративдик карталар менен колдонуу эсеп берүү суммаларды алууга жана берүүга байланыштуу операциондук чыгашаларды жана убакытты кыскартат, ай сайын берилүүчү отчет төлөнгөн чектерди тез жана оңой текшертет, бухгалтерияны жана документацияны жүргүзүү кереги жок;
  • коопсуздук: эгерде корпоративдик картаны жоготуп же урдатып салсаңыз, аны күн менен түндүн кайсы убагында болсо да телефон аркылуу блоктоп койсоңуз болот.

Карты VISA

Корпоративдик VISA карта 

VISA — Дүйнөдөгү алдыңкы төлөм системасы. Visa карталары дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн соода түйүндөрүндө кабыл алынат, ал эми инновациялык продукттар менен технологияларды 21 миң финансылык уюм – төлөм системасынын мүчөлөрү жана ошол карталардын ээлери колдонот.

Толук маалымат

Корпоративдик карталар үчүн тарифдер

Пластик карталардын чыгаруу жана тейлөө тарифтери менин бул жерден таанышып кетсеңиз болот.

Тарифтерди жүктөө