Эскроу эсеби

         Эскроу эсеп  – белгилүү бир жагдайлар орун алганга чейин же белгилүү бир милдеттенмелерди аткарганга чейин акча каражаттары эсепке алына турган атайын эсеп.

       Эскроу эсеби акча каражаттарын блокировкалоого арналган. Мында акча жайгашкан эсепте милдеттенмелерди аткарганга чейин чыгаша операцияларды ишке ашыруу укугу берилбейт!

          “Эскроу эсеп” продуктун “кепилдик эсеп” деп да атап койсо болот. Мында каалаган бүтүмдүн эки тарабы (сатып алуучу жана сатуучу) үчүн биздин банкта бир эсеп (эскроу) ачылат. Ошол эсепке Сатып алуучу товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) үчүн акча которот, ал эми Жеткирүүчү ошол акчаны көргөндөн кийин өз милдеттенмелерин аткарууга киришет.

           Эскроу эсеп кантип иштейт?

Мисал:

“Сатып алуучу” “Сатуучудан” унаа сатып алып жатып төмөнкүдөй кадамдарды жасайт:

1.   Биздин банкта “Сатып алуучу” менен “Сатуучу” ортосундагы макулдашуу боюнча “эскроу эсеп” ачылат;

2.  “Сатып алуучу” эскроу эсепке акча которот, акча түшкөндөн кийин Банк эскроу эсепти  блокировкалайт;

3.   “Сатуучу” машинени жүктөп жөнөтөт жана Банкка товар “Сатып алуучунун” пайдасына жүктөп жеткирилген фактыны тастыктаган документтерди берет;

4.   Банк убактылуу жабык турган эсепти ачат жана “Сатып алуучу” ошол эсептеги өз каражатын колдоно алат.

           Кардар үчүн Эскроу эсептин артыкчылыгы эмнеде?

1.   Акча каражаттары ага менчик укугу болбогон адамдардын колунда болгон күндө да ошол акчанын коопсуздугун камсыздайт;

2.      Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун ыңгайлуулугун арттыруу үчүн үчүнчү жак тартылат;

3.      Коммерциялык тобокелдик азаят жана бүтүмдү ийгиликтүү жыйынтыктоо ыктымалдуулугу жогорулайт;

4.      Жасалма документтерди колдонуу жана алдамчылык кылуу ыктымалдуулугу мүмкүн болушунча азаят.

           Эскроу эсептин тарифтери:

Эсепти ачуу жана жабуу акысыз
Бүтүмдүн суммасы чектелген эмес
Эсеп жүргүзүү 

Суммага карабастан, бүтүмдүн суммасынан 0,1%

Акча каражаттарын “эскроу эсептен”/ “эскроу эсепке” которуу Банктын колдонуудагы тарифтерине ылайык