Маяна долбоорлору
“Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” өз кардарларына ишкананын кызматкерлеринин өздүк эсептерине айлык акыны накталай эмес которуу боюнча маяна долбоорлорун сунуштайт.
Маяна долбоорлору үч тараптын катышуусун караштырат: төлөм системасынын, ишкананын жана ошол ишкананы тейлей турган банктын.
Ошону менен бирге ишкананын алыш-бериш эсеби болгон банк менен өз ара аракетте болуу максатка ылайыктуу. Себеби бул ишкананын алыш-бериш эсебинен кызматкердин эсебине акча которууда убактылуу чыгымдарды азайтууга жол берет.
Маяна долбоорунда банктын ролу олуттуу – долбоорду ишке ашыруу боюнча бардык чыгашалар банкка жүктөлөт: пластик картаны чыгаруу жана тейлөө, жабдууларды сатып алуу жана башка. Албетте долбоор банктын өзү үчүн да белгилүү бир пайда алып келет. Себеби анын эсептеринде ишкананын кызматкерлеринин каражаттары топтолот жана мындан тышкары банк Картанын ээси ишке ашырган ар бир операциядан белгилүү бир пайыз кармап турат.
Ишкана үчүн артыкчылыктар:
- Пластик карта менен тейленген банк эсебине айлык акыны которуу уюмдун бухгалтерия жана касса бөлүмдөрүнүн ишин бир кыйла жеңилдетет жана анда иштеген кызматкерлердин санын кыскартат.
- Айлык акыны банкоматтар жана НБП аркылуу берүүдө банктык төлөм карталарын колдонуу ишкананын чыгымдарын азайтат жана нак акчаны алууга, сактоого жана жеткирүүгө байланышкан көйгөйлөрдү жок кылат.
- Айлык акы берилген күндөру буга байланышкан иштин көлөмүн азайтат.
- Талап кылынбаган каражатты депонирлөө көйгөйү жоголуп, кассалык план бузулбайт.
- Айлык акыны берүү мезгили артат, бул болсо акча берилген күнү ишкананын пландан тыш иштебей токтоп туруусун болтурбайт.
- Кызматкерлердин карталык эсебине пайыздарды кошуу ишкана тараптан чыгымдарсыз эле алардын иш жүзүндөгү кирешесин арттырат.
- Филиалдары бар ишканаларга (анын ичинде башка региондордо дагы) айлык акыны борборлоштуруп которуу жана акчаны маянага инкассациялоо зарылчылыгынан кутулуу мүмкүнчүлүгүн берет.
- Ишканаларга алардын кызматкерлеринин атайын карталык эсептериндеги акча каражаттарынын көлөмүнө жараша жеңилдетилген банктык тейлөө көрсөтүлөт (анын ичинде жеңилдетилген насыялоо). Мындай системада ишканада кирешенин кошумча булагы, ал эми анын кызматкерлеринде нак акчадан толук көз карандуулукту кепилдеген универсалдык төлөм каражаты пайда болот.
Ишкананын кызматкерлери үчүн артыкчылыктар:
- Жанында нак акча жана ири суммадагы каражат алып жүрүү зарылчылыгына байланышкан бардык ыңгайсыздыктар жоголот.
- Эсептеш ыкчам жүрөт.
- Картанын ээси айлык акы берилген күнгө жана убакытка көз каранды болбойт. Ал талап кылынган нак акчаны (кааласа бардык сумманы) Төлөм системасынын каалаган банкоматынан же Нак акча берүү пунктунан алалат.
- Айлык акыдан тышкары ишкананын кызматкери топтоп жүргөн акчасын сактоо, же акча чогултуу үчүн картага колунда болгон эркин каражатты да салса болот. Бул эмитент-банктын каалаган филиалынан ж.б. жерден ишке ашырыла алат.
- Республиканын бардык региондорунан жана чет өлкөдөн акча алып туруу мүмкүнчүлүгү.
Маяна долбоору боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төм. телефон номери боюнча чалыңыз – Тартуу бөлүмү + 996 (312) 61 48 56