Пластик карталары

“Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” 15 жылдан ашык убакыттан бери төлөм карталар рыногунда ийгиликтүү иш алып барууда. Учурда Банк Principal Member VISA International статусуна ээ. Бул болсо банктын карталык бизнес чөйрөсүндөгү тажрыйбасын жана компетенттүүлүгүн тастыктайт. Ошондой эле банк “Золотая Корона” региондор аралык төлөм картасын чыгарат жана тейлейт. Мындан тышкары ЭЛКАРТ банктык карталарын колдонуу менен Накталай эмес төлөмдөрдүн улуттук системасынын толук укуктуу катышуучусу болуп эсептелет.

Эл аралык, региондор аралык жана жергиликтүү төлөм системаларынын катышуучусу укугуна ээ болгон “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ишмердиктин төмөнкү түрлөрүн ишке ашырып келет:  карталарды чыгаруу/карталардын эмиссиясы (VISA, ЭЛКАРТ, Золотая Корона), банктын терминалдык/эквайринг түйүндөрүндө банк карталарын тейлөө (карта боюнча нак акчаны банкоматтарда жана pos-терминалдарда берүү, соода-тейлеме ишканалары үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу)

*   Товар же кызматтар үчүн дистанциялык төлөм - бул кардардын өзү келбестен, интернет, телефон же почта аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү. Интернетте операцияларды жүргүзүү функциясы бардык карталарда бирдей өчүрүлгөн. Бул функцияны иштетүү үчүн арыз жазуу керек.

Сиздин төлөм картаныз менен алдамчылыкка жол бербеш үчүн, төмөнку өлкөлөрдө болгон убакта, “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААКа кайрылып картаны блокировкалоо жана кайра чыгаруу тууралуу арыз жазууңузду суранабыз. Банктын тарфитерине ылайык Сизге жаңы номер жана жаңы пин-код менен карта чыгарылат.

  • Бразилия
  • Гонконг
  • Индонезия
  • Малайзия
  • Мексика
  • Нигерия
  • Сингапур
  • Таиланд
  • Тайвань
  • Украина
  • Индия
  • Филиппины
  • Аргентина

Дүйнөдөгү алдыңкы төлөм системасы. Visa карталары дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн соода түйүндөрүндө кабыл алынат, ал эми инновациялык продукттар менен технологияларды 21 миң финансылык уюм – төлөм системасынын мүчөлөрү жана ошол карталардын ээлери колдонот.

Толугураак

Карты Элкарт

 

ЭЛКАРТ – банктык төлөм карталарынын улуттук төлөм системасы – Кыргыз Республикасынын бардык аймагында суткасына 24 саат, аптасына 7 күн банктык эсепте сакталган Сиздин акчаңызды заманбап, ыңгайлуу жана ишенимдүү башкаруу. 

Толугураак

Пластик карталарына тарифтер жеке жактарга

Тарифтер

Картаны тапшырык кылуу

Каттоо формасын бул жерден толтуруңуз 

Тапшырык кылуу

Болду! Калган ишти биздин адистерибиз бүтүрөт!