Visa төлөм карталары

VISA International - ири эл аралык төлөм системасы дүйнө жүзү боюнча карталарды тейлөөнүн чоң түйүнүнө ээ.

Эл аралык банк картасы төмөнкүлөргө жол ачат: 

  • Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон соода түйүндөрүндө ар кандай валютада төлөмдү комиссиясыз жүзөгө ашырууга;
  • Үйдөн чыкпай эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө, мейманканаларда номерди алдын ала ээлөөгө жана унааны киреге алууга;
  • Сизге ыңгайлуу убакытта жана Сиз үчүн ыңгайлуу валютада дүйнө жүзү боюнча тиешелүү эл аралык төлөм системасынын карталарын кабыл алган банкоматтарда жана POS-терминалдарда, ошондой эле “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкынын” филиалдык түйүндөрүндө нак акча каражаттарын алууга;
  • Сиздин чет өлкөлөргө сапарларыңыз бир кыйла жеңилдейт: карта ээлери нак акчаны жанында алып жүрбөйт жана бажыда акча үчүн декларация толтурбайт;
  • Акча каражаттарынын коопсуз сакталышы камсыздалат: картаңызды уурдатсаңыз же жоготуп алсаңыз банкка чалыңыз – Сиздин картаңыз ошол замат блокировкаланат жана аны эч ким колдоно албай калат;
  • Картанын жардамы менен сатып алынган буюмдун суммасын карт-эсептин валютасына автоматтык түрдө конвертациялоого (дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болсоңуз да);
  • Эл аралык банк карталарын тейлеген соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларында жеңилдиктерди алууга.
Эрежелер Тарифтер Банкоматтар

Кызматтарды башкаруу

Эрежеден тышкары Онлайн төлөмдөрү SMS билдирүү
Разблокировка карты VISA Новый пин для карты VISA

Visa Instant

  • Эң жеткиликтүү карта
  • Бардык операциялар 100% авторизацияланат
  • Банкоматтарда же POS-терминалдарда операция жүргүзүү
  • Мөөнөтү 3 жыл
  • Валютасы Сом /Доллар/ Евро

VISA Instant категориясындагы картасын ачууга сунушталат

  • эгерде Сизге эл аралык банк картасы зарыл болсо, бирок ошол тапта Сиздин колуңузда ири суммадагы эркин каражат болбосо;
  • акча каражаттарын сактоо, сатып алууларды жана кызматтарды максатында болсо;
  • чет өлкөгө көп чыкпасаңыз;
  • эгерде Сиз балаңызды чет өлкөгө окууга же эс алууга жиберейин деп, ыкчам, кошумча чыгымдарсыз ага акча которуп, чыгашаларын көзөмөлдөп тургуңуз келсе.

Кошучма мүмкүнчүлүктөр:

  • Интернет төлөмдөр
  • 3D-Secure коргоосу
  • SMS-билдирүүлөр
  • Мобилдик банкинг
  • Контактсыз Visa PayWave төлөмдөрү

MBANK GOLD

  • Сапат-баа жагынан мыкты баланс
  • Бардык өлкөлөрдө кабыл алынат
  • Интернетте жана чет өлкөдө төлөмдөр үчүн
  • Мөөнөтү 4 жыл
  • Валюта Сом /Доллар/ Евро

MBANK GOLD категориясындагы картасын ачууга сунушталат

  • эгерде Интернетте жана чет өлкөдө  сатып алууда төлөмдөрдү тез-тез жүргүзүүнү пландап жатсаңыз

Кошучма мүмкүнчүлүктөр:

  • Интернет төлөмдөр
  • 3D-Secure коргоосу
  • SMS-билдирүүлөр
  • Мобилдик банкинг
  • Контактсыз Visa PayWave төлөмдөрү

Visa Platinum

  • Акылга сыярлык акчалар үчүн премиум-карта
  • Дүйнө жүзүндөгү банкоматтардан айына 200 долларга чейин накталай акча каражаттарын бекер чечип алуу
  • 2% чейин Cash back
  • Lounge keyVIP залдарга кирүү - жылына 2 жолу бекер, андан кийин 32$
  • Консьерж кызматы

VISA Platinum картасын ачуу сунушталат

Бул категориядагы карталардын ээлери дүйнө жүзүндөгү артыкчылыктуу кызматка, чет өлкөлөрдөгү товарларга жана кызматтарга төлөөдө жеңилдиктерге, ошондой эле мыкты мейманканалардын, ресторандардын жана дүкөндөрдүн сонун келишимдерине ишене алышат.

Ошондой эле сиз "Овердрафтты" 30 күндүк жеңилдетилген мөөнөт менен, Банктын шарттарына ылайык ала аласыз

 

 

Кошумча мүмкүнчүлүктөр