![](https://www.cbk.kg/uploads/images/a03bdb74fa601f915a764e254b5fdeaa16681954.png)
VISA виртуалдык карталары — бул пластик колдонуусу жок чыгарылган эл аралык төлөм Visa картасы. Анын реквизиттери (номери, жарактуулук мөөнөтү) MBANK мобилдик тиркемесинде сакталат, Банк катталгандан кийин телефон номерге CVV/CVC кодду SMS аркылуу жөнөтөт.
ВИРТУАЛДЫК КАРТАСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ:
Акысыз жана ыңгайлуу чыгаруу
Картаны Кыргызстандын жараны MBANK аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен Банктын кеңсесине барбастан чыгара алат. Виртуалдык VISA картасы бир нече секунданын ичинде заматта чыгарылат – анын жеткирилишин күтүүнүн кереги жок, аны дароо колдоно баштасаңыз болот.
|
Дүйнө жүзү боюнча товар төлөмдөрү
Виртуалдык карта менен интернет-дүкөндөрдөн, анын ичинде чет өлкөлүк дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн, ошондой эле каалаган кызматтарга (Yandex, Netflix, IWI, iTunes ж.б.) жазылуулар үчүн ыңгайлуу төлөй аласыз.
|
Коопсуз интернет төлөм
Карта пластикке караганда коопсузураак, картаңыздын номерин же CVV кодун эч ким көрбөйт. Ошондой эле онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүдө пластикалык банктык картаңыздын реквизиттерин ишенимсиз жерге “калдырып” калуу коркунучун азайтат.
|
Картаны акысыз толуктоо
Виртуалдык картаны 10 000ден ашык терминалдарда, ошондой эле бүтүндөй Кыргызстан боюнча өнөктөштөрдүн башка электрондук капчыктары аркылуу акысыз толтуруу.
|
Кызматтарды башкаруу
Виртуалдык картаны бир-эки секундада кантип каттоо керек?
![](https://cbk.kg/uploads/images/thumb/b4fdfdbc2c2507f360c02d356fecc28b734697f7.png)
1. MBANK'ка кириңиз. Негизги "Жаңы продуктту ачуу" баскычын басыңыз.
![](https://cbk.kg/uploads/images/thumb/5217d80601c24b4d3adc1d286cf1aa25f97a1255.png)
2. Андан кийин бир продукт тандоо керек. "Виртуалдык картаны чыгаруу" баскычын басыңыз.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/73a9cf0a5b007010f08aa61d7411abd1fcdaf1ce.png)
3. Кыскача маалымат менен таанышып, "Картаны алуу" баскычын басыңыз.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/161586b678449322e7c21ada769b8dbb3a9d2c25.png)
4. Картаны кайсы валютада ачкыныз келсе тандаңыз. Бааларды текшерип, "Алуу" баскычын басыңыз.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/1380f602b1371f69464586b514af08c58d14ffe8.png)
5. Бир нече секунддан кийин карта даяр болот.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/31089aa9fa42cd3cb33a05ab06a9e51887b55eb5.png)
6. Ачылгандан кийин карта дароо MBANK'та пайда болот. Ал дароо колдонуу үчүн жеткиликтүү болот.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/15874a27923642b96fbf52361db097c9ecd369c5.png)
7. Банк картаңыздын реквизиттерин жана CVV/CVC-кодун менен SMS жөнөтөт.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/1af5abc85ac44b997ea9f979b63e4dcf15942ba7.png)
8. Виртуалдык картанын калган маалыматтары сиздин тиркемеңизде сакталат жана сиз үчүн гана көрүүгө жеткиликтүү.
![](https://www.cbk.kg/uploads/images/thumb/c7fcd7f2234b4e296982839c5725f1ee0f69315c.png)
9. Эгер SMS убакыттын өтүшү менен жоголуп кетсе, анда картанын реквизиттерин MBANK аркылуу кайра жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү ар дайым бар.