Юридикалык жактар үчүн эсеп ачуу

  1. Юридикалык жактар үчүн эсептерди ачуу

Биздин Банктын ишинин негизги максаты ар бир кардарга атаандаштыкка жѳндѳмдүү жана бийик технологиялуу банктык ѳнүмдѳрдүн жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн балансталган пакетин берүү саналат.

 «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы»  ишкердиктин түрдүү чѳйрѳсүндѳгү корпоративдик кардарларды тейлѳѳгѳ багытталган. Бардык кардарлар менен ишенимдүү ѳнѳктѳштүк мамилени сактоо Банктын кардардык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун шарты болуп эсептелет.

ЭСЕП АЧУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

 Жеке ишкерлерге:

  

  1. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана юридикалык билими жок жактын ишкердик иш менен алектенген жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон ѳткѳн (күбѳлүк) фактысын ырастаган, белгиленген формадагы документ же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, мамлекеттик каттоосуз, ишкердик иш менен алектенген фактысын ырастаган документтин кѳчүрмѳсү;
  2. Социалдык фондуда катталган фактысы жѳнүндѳ кабарлама (эгер бар болсо);
  3. Жеке ишкердин ѳздүгүн ырастоочу документ;
  4. Дыйкан (фермердик) чарбалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Банкка жерди пайдалануу укугун ырастоочу документтерди, же малы болгондугу жѳнүндѳ документти тапшырышат.

 

Жеке ишкерлер – резидент эместер Соода Реестринен кѳчүрмѳнү, күбѳлүктү же анда жеке ишкер каттоодон ѳткѳн ѳлкѳнүн мыйзамына ылайык чет ѳлкѳлүк катышуучу жеке ишкер болуп саналарын ырастоочу дагы башка документти, же нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн кыргыз же орус тилиндеги кѳчүрмѳсүн кошумча бериши керек.

Нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүүгѳ жатпаган документтердин кѳчүрмѳсү түп нускалары менен бирге салыштыруу үчүн берилет жана Кардардын кол тамгасы жана мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлѳт.

 

Юридикалык жактарга – резиденттерге: Юридикалык жактарга – резидент эместерге: 

Юридикалык жактарга (резиденттерге жана резидент эместерге)  эсеп ачуу үчүн кагазда алып жүрүүчүдѳ же электрондук документ формасында тѳмѳнкү документтерди берүүлѳрү керек.

  1. Юридикалык жакты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттаган (кайра каттаган) күбѳлүгү. Эркин экономикалык зонада (мындан ары - ЭЭЗде) катталган юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭЗ субъектиси катары эсепке алып катталуусун ырастоочу күбѳлүгүн кошумча берүүсү керек. Резидент эместер үчүн: чыккан ѳлкѳсүнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык чыккан ѳлкѳсүнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон ѳткѳндүгү жѳнүндѳ кѳчүрмѳ;
  2. Түзүүчү документтер (устав, жобо, түзүүчү келишимдер ж.б.);
  3. Салык тѳлѳѳчүнүн салыктык катталуусунун фактысы жѳнүндѳ Салык кызматынан маалымкат (кагаз алып жүрүүчүдѳ же электрондук документ формасында):
  4. Социалдык фондуда катталган фактысы жѳнүндѳ кабарлама (бар болсо);
  5. Лицензия (юридикалык жактын ишмердиги лицензиялоого тийиш болгон учурда);
  6. Юридикалык жактын каражаттарын тескѳѳгѳ кол тамгалардын жана мѳѳрдүн оттискисинин үлгүлѳрү менен карточкада белгиленген юридикалык жактын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын ырастоочу документ (Акционердик коом үчүн акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунун кѳчүрмѳсү Реестр кармоочу тарабынан күбѳлѳндүрүлѳт);
  7. Эркин экономикалык зонада (ЭЭЗде) катталган юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭЗ субъектиси катары катталуусун ырастоочу күбѳлүгүн жана Кыргыз Республикасынын статистика органдарында катталгандыгын аныктоочу документти кошумча берүүсү керек;
  8. Кыргыз Республикасынын Борбордук казыначылыгынын уруксаты (бюджеттик уюмдар үчүн);
  9. Нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн, кол тамгалардын жана мѳѳрдүн оттискисинин үлгүсү менен карточка, 1 даана.

Резидент эместерге маалымат катары:

Резиденнт эмес юридикалык жактын эсебин ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык Кызматынын Башкармалыгында жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунда  каттодон ѳтүү керек.

*Юридикалык жак катталган же 2009-жылдын апрелине чейин кайра каттоодон ѳткѳн болсо, анда устав менен түзүүчү келишим нотариус тарабынан ырасталган кѳчүрмѳ түрүндѳ берилет.

*Эгер документтер Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары аймактарда түзүлгѳн болсо, алар мыйзамда белгиленген тартипке ылайык апостилденген же мыйзамдаштырылган болушу зарыл (Кишинев шаарында 2022-жылы кол коюлган – 2004-жылдын 30мартынан баштап КР үчүн күчүнѳ кирген Жарандык, үй-бүлѳлүк жана кылмыш иштери  боюнча  укуктук жардам жана укуктук мамилелер боюнча Конвенцияга ылайык, КМШ (Азербайжан, Молдова, Армения, Россия, Беларусь, Тажикистан, Грузия, Түркмѳнстан, Казахстан, Ѳзбекстан, Украина) ѳлкѳлѳрүнүн аймагында түзүлгѳн документтер апостильге жана мыйзамдаштырууга жатпайт), ал эми чет тилинде таризделген болсо, орус жана кыргыз тилине которулуп, котормосу нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн болушу керек.

ЭСКЕРТҮҮ: Апостиль – бул документтерди дипломаттык жана консулдук мыйзамдаштыруу зарылдыгынан бошотуу максатында, 1961-жылдагы Гаага конвенциясына ылайык Конвенциянын мүчѳ-мамлекеттеринин расмий документерине коюлуучу атайын штамп

Нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүүгѳ жатпаган документтердин кѳчүрмѳлѳрү түп нускалары менен бирге салыштыруу үчүн берилет жана Кардардын кол тамгасы жана мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлѳт. 

 

 

Ѳкүлчүлүктѳргѳ жана юридикалык жактардын филиалдарына:

 

 

  1. Башкы уюмдун иши жѳнүндѳ Устав (Жобо) (ѳзгѳртүүлѳрү жана толуктоолору менен): резиденттер үчүн – нотариус тарабынан, же мыйзамдарга ылайык нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүү мүмкүн болбогон учурда юридикалык жактын мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлгѳн; резидент эместер үчүн – нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн. 
  2. Юридикалык жактын башкы кеңсесин юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жѳнүндѳ күбѳлүк (резидент эместер үчүн – Соода Реестринен кѳчүрмѳ, күбѳлүк же чет ѳлкѳлүк катышуучу ошол юридикалык жак катталган тектеги ѳлкѳнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналарын ырастоочу дагы башка документ);
  3. КР юстиция органдарында же ЭЭЗдин субъектилери үчүн - ЭЭЗдин Дирекциясында катталган Юридикалык жактын филиалы (ѳкүлчүлүгү) жѳнүндѳ Жобонун нотариус тарабынан күбѳлѳндүргѳн кѳчүрмѳсү;
  4. Юридикалык жактын филиалынын (ѳкүлчүлүктүн) юстиция органдарында*** же ЭЭЗ субъектилери үчүн – ЭЭЗ Дирекциясында катталгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүктүн кѳчүрмѳсү, мында ЭЭЗ субъектисинин катталгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүктүн кѳчүрмѳсү ЭЭЗдин Дирекциясы тарабынан күбѳлѳндүрүлүшү керек (резидент эместер үчүн  - Соода Реестринен кѳчүрмѳ, күбѳлүк же чет ѳлкѳлүк катышуучу ошол юридикалык жак катталган ѳлкѳнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналарын ырастоочу дагы башка документ);
  5. Каражаттарды тескѳѳ ыйгарым укугун ырастоочу документ (жетекчиге мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат – милдеттүү түрдѳ, Түзүүчүнүн чечими, түзүүчүлѳрдүн чогулушунун протоколу, буйрук);
  6. Эгер бул түзүмдүк бѳлүм жѳнүндѳ жободо жана/же түзүмдүк бѳлүмдүн жетекчисине берилген ишеним катта чагылдырылбаса, операциялардын тизмеги жана юридикалык жактын бул операцияларды жүргүзүүгѳ расмий макулдугу менен документ;
  7. Нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн, кол тамгалардын жана мѳѳрдүн оттискисинин үлгүлѳрү менен карточка, 1 даана санда;
  8. Юридикалык жактын кол тамгалардын жана мѳѳрдүн оттискисинин үлгүлѳрү менен карточкада белгиленген кызматчыларынын юридикалык жактын каражаттарын тескѳѳгѳ ыйгарым укуктарын күбѳлѳндүрүүчү документ;
  9. Социалдык фондуда катталган фактысы жѳнүндѳ кабарлама (бар болсо);
  10. Юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын статистика органдарында катталгандыгын ырастоочу Салык тѳлѳѳчүнүн (ИСН) каттоо карточкасынын кѳчүрмѳсү****;
  11. Салык тѳлѳѳчүнүн салыктык каттоодон ѳткѳндүгүнүн фактысы жѳнүндѳ салык кызматы органынан маалымкат (кагаз алып жүрүүчүдѳ же электрондук документ формасында).

 

 

Нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүүгѳ жатпаган документтердин кѳчүрмѳсү түп нускалары менен бирге салыштыруу үчүн берилет жана Кардар тарабынан күбѳлѳндүрүлѳт.

 

Ишмердиктерин белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык макулдашууларга ылайык жүзѳгѳ ашыруучу эл аралык уюмдарга, алардын долбоорлоруна, дипломатиялык жана консулдук ѳкүлчүлүктѳргѳ

Банкка тѳмѳнкү документтерди тапшыруу зарыл (эсепти ачуунун башка тартиби тиешелүү эл аралык макулдашууда каралбаган болсо):

 

  1. Анын алкагында эл аралык уюм, анын долбоору, дипломатиялык же консулдук ѳкүлчүлүк иштеп турган, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык күбѳлѳндүрүлгѳн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдин кѳчүрмѳсү;
  2. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык күбѳлѳндүрүлгѳн Эл аралык уюм жѳнүндѳ жобо, же анын долбоору (эгер бар болсо);
  3. Адамдардын келишимдерди жана финансылык документтерди биринчи жана экинчи кол тамгасын коюу укугу менен кол тамгасын коюу ыйгарым укугун ырастоочу буйрук (контаркт, жогору турган тиешелүү уюмдун каты);
  4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин) эл арылк уюмдун (анын долбоорунун) жана анын кызматкерлеринин аккредитациясын ырастоочу каты;
  5. Резиденти эл аралык уюм же анын долбоору болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же тиешелүү ѳлкѳнүн Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн кол тамгалардын үлгүлѳрүнүн карточкасы, 1 даана санда;
  1. Юридикалык жактын кол тамгалардын жанга мѳѳрдүн оттискисинин үлгүлѳрү менен карточкада белгиленген кызматчыларынын юридикалык жактын каражаттарын тескѳѳгѳ ыйгарым укуктарын күбѳлѳндүрүүчү документ.

  

 Нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүүгѳ жатпаган документтердин кѳчүрмѳсү түп нускалары менен бирге салыштыруу үчүн берилет жана Кардардын кол тамгасы жана мѳѳрү менен күбѳлѳндүрүлѳт.

 

Эскертүү

Эгер юридикалык жак катталган болсо, же 2009-жылдын апрелине чейин кайра каттоодон ѳткѳн болсо, анда устав жана түзүүчү келишим нотариус тарабынан күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳлѳрү түрүндѳ, ал эми мамлекеттик катталгандыгы/кайра катталгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк нотариус тарабынан күбѳлѳндүрбѳстѳн берилет.

 

Эсептешүү-кассалык тейлѳѳгѳ тарифтер менен бул жактан  тааныша аласыздар.