Россиядан телефон номер аркылуу MBANK-ка которуу

Кыргызстандагы досторуңузга, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга акча жөнөтүшүңүз керекпи? Сиз өз мекениңизге акча которууну билбей же акча которуунун эң оңой жана ишенимдүү жолун издеп жатасызбы?

Анда болгону Россияда жашап, иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн биз ыңгайлуу кызматты түзүп, акча каражаттарын которуу жана алуу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрдүк.

 Россиядан MBANK-ка телефон номери боюнча заматта которууларды жөнөтүү менен Кыргызстандагы үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга жакын болуңуз! Кошумча талааларды толтуруунун, картанын узун номерлерин жана башка маалыматтарды эстеп калуунун кереги жок.

Сиз СБЕРБАНК, ТИНЬКОФФ, QIWI жана башка КЫРГЫЗСТАН Банктын өнөктөштөрү аркылуу мекениңизге акча которууну бир нече баскыч аркылуу менен оңой жөнөтө аласыз. Ал үчүн МБАНКка кошулган кардардын телефон номерин гана билүү керек. Акча которуу сутканын каалаган убагында жеткиликтүү жана заматта келет, ал эми акча биздин банктан каалаган картага автоматтык түрдө түшөт.

  

«КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» биринчилерден болуп КМШ өлкөлөрүндө Сбербанк которуу экосистемасына кошулган.

Эми сиз Россиядан Кыргызстанга которууларды 30 секунданын ичинде «Сбербанк Онлайн» мобилдик тиркемеси аркылуу МБАНКка телефон номери аркылуу жөнөтө аласыз!

Толук маалымат

  

ТИНЬКОФФтон MBANKка айына 20 000 рублга чейин бекер акча которуу мумкунчүлүгү бар.

Сиз ТИНЬКОФФ Банктын мобилдик тиркемеси аркылуу MБАНКтын колдонуучусуна 996*** форматындагы алуучунун телефон номерин билсеңиз оңой жөнөтө аласыз.

Толук маалымат

Россиядан Кыргызстанга акча которуунун дагы бир мүмкүнчүлүгү!

Qiwi терминалдары жана электрондук капчыгыңыз аркылуу MBANK-ты (картаны) толуктоо бекер

Толук маалымат