Баалуу кагаздар менен операциялар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда алгачкы дилер болуу менен, биздин Банк кардардын тапшырмасы боюнча жана анын эсебинен мамлекеттик баалуу кагаздарды (КР УБ МКВ, Ноталар) сатып алуу жана ишке ашыруу боюнча ортомчулук кызматын көрсөтөт, ошондой эле КР МБК рыногунда болгон тооруктар тууралуу так жана ишенимдүү маалыматтарды берип турат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда мамлекеттик баалуу кагаздардын эки түрү бар: Мамлекеттик Казыналык векселдер жана Улуттук банктын ноталары.

Мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) – бул кыска мөөнөттүү, пайызсыз (дисконттук) мамлекеттик баалуу кагаздар, алардын эмитенти болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептелет.

МКВнын артыкчылыктары

  • МКВ мамлекеттин менчиги менен камсыздалган;
  • МКВны жүгүртүү мөөнөтү – 3, 6 жана 12 ай; 
  • эгерде сизге акча чукул керек болуп калса, сатып алынган МКВны экинчилик рынокто аларды тындыруунун мөөнөтү башталганга чейин сатууга болот;
  • бир МКВнын номиналдык баасы - 100 сом. 

КР Улуттук банкынын норталары – бул Улуттук банк документардык эмес формада чыгарган мамлекеттик баалуу кагаздар.

КР УБнын Ноталарынын артыкчылыктары:

  • кыйла коопсуз жана өтүмдүүлүгү жогору баалуу кагаздар. Себеби кепил болуп КР Улуттук банкы эсептелет;
  • жүгүртүү мөөнөтү – 7, 14 жана 28 күн
  • бир КР УБ Нотасынын номиналдык баасы – 10 000 (Он миң) сом.

Баалуу кагаздардын наркы КР Улуттук банкы өткөргөн аукциондордо аныкталат. Акыркылары тууралуу маалыматты бул жерден таба аласыз. 

КР УБ Ноталарын жана МКВ сатып алуу үчүн биздин Банк комиссиялык сый акыны төмөнкүдөй тарифке ылайык алат: 

  • Кардардын атынан жана анын эсебинен Мамлекеттик Казыналык векселдерди сатып алуу жана сатуу - бүтүмдүн суммасынан 0,2% (комиссиянын эң аз суммасы – 50 сом, эң көп – 2000 сом)
  • КР УБ Ноталарын сатып алуу дисконттун суммасынан 10% (комиссиянын эң аз суммасы – 10 сом, эң көп – 100 сом)