Бизнести каржылоо программасы боюнча Россия-Кыргыз өнүгүү Фондусунун инвестициялык насыялары

 

2016-жылдын 25-майында Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын ортосунда чакан жана орто бизнести финансылоого насыялык каражат берүү тууралуу Келишимге кол коюлду.

 

Шарттары:

Насыянын максаты                              

Төмөнкү тармактар боюнча негизги каражаттарды сатып алуу, жаңыртуу жана кеңейтүү:

агро өнөр жай комплекси, тигүү жана текстил өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, иштетүүчү өнөр жай, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы, транспорт, медициналык кызматтар, инфраструктураны өнүктүрүү (туризм инфраструктурасын кошо), жана башка өнөр жай багытындагы узун мөөнөттүү инвестициялар. 

Валюта Кыргыз сому, АКШ доллары
Пайыздык чен

Сом менен жылдык 9% пайыздан,  АКШ доллары менен жылдык 5 % пайыздан

*Эффективдүү пайыздык чен барабар сом: 9,5%, доллар/евро : 5,2%

Мөөнөтү 60 айга чейин
Жеңилдетилген мөөнөт 9 ай (12 айга чейин караштырса болот)
Сумма
100 000 ден 1 000 000 АКШ долларына чейин (кыргыз сомунда эквиваленти)
Комиссия Алынбайт
Кардардын өздүк кошумчасы

Долбоор наркынан 15% дан кем эмес кошумча.

Ошондой эле биргелешкен каржылоо булагы катары чакан жана орто бизнестин долбоорго салган салымы каралыш керек.

Долбоорго салым катары төмөнкүлөр каралышы мүмкүн: нактайлай жана накталай эмес акча каражаттары; долбоордун капиталдык чыгашаларына инвестицияланган финансылык ресурстар.

Максаттык группа
 

Кыргыз Республикасында катталган жана ишмердуулугун 24 айдан кем эмес (кыргыз-россия биргелешкен ишканалар учун 12 айдан кем эмес) чакан жана орто бизнестин (ЧОБ) субъектилери. Ошол эле учурда төмөнкү шарттар аткарылыш керек:

ЧОБтун (МСБ) мурунку жылы жалпы түшкөн каражаттын көлөмү 200 млн. сомдон ашпашы керек;

Ишкерлердин орточо саны 250 кишиден ашык эмес;

ЧОБтун уставдык капиталында, мамлекеттик, коомдук жана диний уюмдардын жана башка фонддордун үлүшү 5 пайыздан ашпаш керек;

ЧОБтун уставдык капиталында, бир же бир нече юридикалык жактарга тийешелүү үлүштөр 50 пайыздан  ашпаш керек;

Насыя берилип жаткан ЧОБ Банкка же/жана Фондко байланышы бар жак же инсайдер болбошу керек;

Займчыга банкроттук тууралуу иштери козголбошу керек (уставдык капиталында 51% дан ашык үлүшү бар жактарга).

Кайра каржылоо шарттары  

Озгөчө кырдаалдарда гана насыянын бөлүгү кайра каржылоого багытталышы мүмкүн. Ошол эле учурда төмөнкү шарттар аткарылыш керек:

Кайра каржылоо үлүшү насыянын суммасынан 30% нан ашпашы керек;

Кайра каржылануучу насыя инвестициялык максатта колдонулуш керек жана ишке ашып жаткан долбоор менен байланыштуу болуш керек;

Кайра каржылануучу насыянын максаттуу колдонулушу тиешелүү документтер менен тастыкталышы керек (эсеп боюнча выписка, келишимдер, счет-фактуралар, инвойстор, ГТД, актылар, төлөм документтер ж.б.)

Кайра каржылануучу насыянын мөөнөтү арыз берип жаткан мөөнөттөн 6 айдан ашып болбошу керек;

Кайра каржылануучу насыянын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдө кечигүүлөр болбошу керек;

Кайра каржылануучу насыянын реструктуризациянын болбошу.

Банк кардарларынын бизнес пландарын даярдоо боюнча Банктын өнөктөш-компаниялары

Чакан жана орто бизнес субъектринин РФ-КР программасы боюнча насыяларды алуу үчүн арыздарды карап чыгуу мөөнөттөрүн тездетүү максатында, Банк кардарлардын бизнес пландарын даярдоо боюнча төмөндөгү компаниялар менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду:


1. Центр независимой оценки и аналитики «Бизнес эксперт», адрес: г. Бишкек, пр. Чуй, 164 А, тел: 0312 89-33-76, 0312 31-16-86, 0555 06-06-44, электроная почта: expert.biz@mail.ru

2. Центр оценки, ЗАО холдинговая компания «Славянский восток»,
адрес: г. Бишкек, пр. Манаса 40, тел: 0312 90-06-52, 0312 90-06-51, 0312 31-15-97, электроная почта: s_vost@mail.ru

3. Международная исследовательская-консалтинговая компания, ОсОО «М-Vector». Адрес: г. Бишкек, ул. Исы Ахунбаева 42а,  тел.: +996 (312) 97-92-93, 97-92-94, +996 (555) 77-31-84, +996 (770) 06-06-08
эл.почта: office@m-vector.com 

Адрес: г. Ош, ул. Курманжан Датки 280, ком.12, тел./Факс: +996 (3222) 2-53-90
эл.почта: office@m-vector.com

4. ОсОО Юридическая фирма «Марко Эгида». Адрес: г. Бишкек, ул. Киевская, 95а, тел: +996 (312) 66-78-17, 66-19-69, +996 (779) 20-68-88, +996 (559) 206888, эл.почта: marcoegida@gmail.com

5. ОсОО «Virtus Consult». Адрес: г. Бишкек, ул. Исанова, 18, тел: +996 (312) 90-10-06,  +996 (772) 55-55-95, эл.почта: v_consult@mail.ru

6. ОсОО Финансово-консалтинговая компания "АТО-Финанс". Адрес: г. Бишкек, ул. Московская, 163/6/ Тел: +996 (555) 90-07-80, +996 (557) 90-01-19, Эл.почта: ato.finance.consult@gmail.com

Чакан жана орто бизнес субъекттери кызматташуу үчүн компанияларды өз алдынча тандоого укугу бар.

 

 

* Урматтуу кардарлар, эгер Сиз насыя берилип жатканда же арыз даярдап жатканда Банктын кызматкерлери тарабынан негизсиз талаптарына же иш-аракеттерине жолуксаңыз, ошол замат  Банктын Контакт-борборуна  0 312 61-33-33 телефону же  +996 770 33-33-69 WhatsAp аркылуу кабар берсеңиз болот.

Кайрылуулар Банктын жетекчилиги тарабынан текшерилип каралып чыгат.

эсептегич