“Жеке турак жайды куруу “ механизми боюнча биринчи насыяны берилди

24 аяк оона 2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын жүзөгө ашыруунун чегинде 2016-жылдын 23-сентябрында саат 14.00дө, "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААКнун Кант шаарындагы филиалында “Жеке турак жайды куруу“ механизми боюнча ипотекалык насыянын сертификатын  тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Сертификаттын ээси  билим берүү тармагынын кызматкери  Мусабек уулу Эржан болду.

 

 Бул механизм  турак жайы жок, бирок жеке менчигинде жер тилкеси болгон жарандарга ылайыктуу.

 

Насыя турак жайды жаңыдан курууга жана курулушу бүтө эле үйдү толук бүткөрүүгө 3 млн. сомго чейинки суммада, 15 жылга, 4  транш менен берилет,  атап айтканда, пайдубалды түптөө үчүн, дубалды көтөрүү үчүн, чатырын жаап,  жер тактайын кагуу үчүн, жасалгалоо үчүн  берилет.  Пайыздык чени 18 ай ичиндеги курулуш учурунда жылдык - 14%, ал эми курулуш аяктагандан кийин жылдык - 12%,  жер үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден көп болбоого тийиш. Алгачкы төлөмү 20%дан жогору.

Арыз берүү үчүн документтердин толук тизмеги менен  “Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын" сайтында “Зайымчыларга” бөлүгүнөн таанышууга болот.

МИКтин дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106,  кызуу байланыш телефону 0312 62-14-34.

Жанылыктар