"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" тарабынан "Жеткиликтүү турак-жай" программасы боюнча биринчи ипотекалык насыя берилди
2016 жылдын 15 апрелинде "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын Жалал-Абад Башкы дирекциясында с "Жеткиликтүү турак-жай" программасынын алкагында кардар менен алгачкы ипотекалык насыя берүү келишимине кол коюлду.
Мамлкететтик программа аркылуу ипотекалык насыя алган биринчи кардар Малабекова Гулуйпа Эркинбековна болду, ал Жалал-Абад шаарынын №75 кесиптик лицейинде орус тили жане адабияты боюнча мугалим болуп иштейт.
"Жеткиликтүү турак-жай" программасы боюнча насыяны өздүк турак-жай алуу үчүн улуттук валютада мамлекеттик кызматкерлер ала алышат.
Шарттар тууралуу толук маалыматты Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында http://gik.kg/?p=328 же 0 312 621434 телефону аркылуу алсаныз болот.