«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» биринчилерден болуп MasterCard PayPass контактсыз карталарын эмиссиялайт жана эквайринг жүргүзөт

15 тогуздун айы 2015

"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААК Аяк оона айында MasterCard эл аралык төлөм системасына кошулду. Жетинин айынын аягында өлкөдө банк биринчи болуп MasterCard PayPass контактсыз карталарды чыгарып, төлөмдөргө кабыл ала баштайт. 

Банктын MasterCard PayPass тизмесине Maestro, MasterCard Standard, MasterCard Gold карталары кирет.

MasterCard PayPass картасы – бул инновациялык технологиясы менен PayPass контактсыз MasterCard банктык картасы, дүкөндөрдө товарларды бир заматта сатып алууну камсыз кылат. Кассада же терминалда MasterCard PayPass картасын контактсыз эсептөө жабдууга жакындатып, сатып алууларга төлөп койсоңуз болот.

Бул картаны MasterCard PayPass логотипи бар бардык жерлерде колдонсо болот.

PayPass технологиясы 36 өлкөдө 311 000 соода борборлорунда колдонулат, бул сан күндөн күнгө көбөйүп жатат.

Эми жакынкы арада "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАНдын" MasterCard PayPass картасы менен дүйнөдөгү алдыңкы төлөм карталарынын чөйрөсүнө кире аласыз. Каалаган нерсеге төлөм жүргүзүү - ыңгайлуу, ылдам жана оңой. 

Көңүл буруңуз!

Азыркы учурда "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАНдын" POS-терминалдары бардык банктардын MasterCard карталарын кабыл алат (азыр чипттик контакттык карталарды гана). 

Жетинин айынын аягына чейин банктын POS-терминалдары MasterCard PayPass карталарына тескөөлөр жүргүзүлөт. 

Маалымат булагы

Жанылыктар