Мобилдик банкинг кызматында кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр бар?

24 баш оона 2015

Урматтуу кардарлар!

Бизде жакшы жаңылыктар бар!

Биз Мобилдик банкинг кызматынын функционалын чоңойттук жана USSD приложениясы аркылуу гана эмес, https://ibank.cbk.kg/ web портал аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн коштук.

Азыр сиз компьютердин бардык интернет браузер, планшет, ноутбук аркылуу Мобилдик банкинг кызматы менен колдоно аласыз жана бул мүмкүнчүлүк акысыз берилет!

Сиздин алдыңызга кандай мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат?

Азыркы учурда ыңгайлуу МБ кызматына кошумча төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү аласыз:

1. Төлөмдөргө шаблонду түзүү! Эми кандайдыр бир кызматтарга төлөм жүргүзүүнү кааласаңыз - коммуналдык төлөмдөр, интернет, уюлдук байланыштарга ж. б., ар бир кызматка төлөмдү жүргүзүү үчүн реквизитти кайрадан терүү кажети жок, шаблонду түзүп, көп сандын тизмесин жаттап убакытты коротпой төлөм жүргүзсөңүз болот. 

2. Сиз өз алдынча көчурмөлөрдү алсаңыз болот өз эсебиңиз тууралуу каалаган убакыттагы төлөмдөр жөнүндө - жума, ай, жыл жана excel форматында көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү бар. 

3. Эгерде сиздин бир нече банктык эсебиңиз болсо, бирок кайсы бирөөнү көрүүнү каалабасаңыз, web-ке кирип эсепти "активдүү эмес" деген режимге өткөрүп койсоңуз болот, андан соң CBKmBank приложениясында көрүнбөй калат. 

МБ кызматына туташылгандан кийин web порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн кандай түрдө алса болот?

Web порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сиз Банктын бөлүмүнө паспортуңуз менен кайрылып, арызга кол койгондон кийин сизге 8 сандан турган код келет. Бул кодду https://ibank.cbk.kg/ ссылканын "пароль" деген жерге жазуу зарыл. 

Логин түрүндө МБ регистрациядан өткөн сиздин номериңиз 996... форматы түрүндө жазылат.

Эгерде сиз МБ кызматына туташылбасаңыз, Банкка кайрылган учурда бардык үч каналды туташтырып беришет.

Эгерде суроолоруңуз болсо биз жардам көрсөтүүгө дайыма даярбыз!

0312 61 33 33 - күнү-түнү

Мобилдик банкинг кызматында шаблонду түзүү.pdf

Жанылыктар