Жаңы жылдын алдында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага КЫРГЫЗСТАН Банкынан белектер - VISA INFINITE карталары тапшырылды

31 бештин айы 2021

 

Жаңы жылдын алдында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага КЫРГЫЗСТАН Банкынан белектер - VISA INFINITE карталары тапшырылды.

Бул Visa эл аралык төлөм системасынын премиум-карталарынын сегментинин эң жогорку категориясы, аны Банктын жетекчилиги чоң сыймыктануу жана урматтоо менен спортчулардын эбегейсиз эмгегин таануу катары көрсөтүүнү чечти. Жана спортчуларга карталардын жана MBANK мобилдик тиркемесинин артыкчылыктары тууралуу айтып беришти. VISA INFINITE категориясындагы карталардын ээлери бүткүл дүйнө боюнча артыкчылыктуу тейлөөгө ишене алышат, чет өлкөдө товарларга жана кызматтарга төлөөдө олуттуу арзандатуулар, ошондой эле мыкты мейманканалардан, ресторандардан жана дүкөндөрдөн кирешелүү сунуштарды алуу каралган. Дүйнө жүзүндөгү аэропорттордогу VIP залдарына кирүү. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча банкоматтардан айына 500 долларга чейин накталай акчаны бекер алуу.

КЫРГЫЗСТАН Банкы Мээрим Жуманазарова менен Акжол Махмудовго дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирет жана аларга мындан да чоң жеңиштерди каалайт. Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси-Токио-2020 Мээрим Жуманазарова - 2020-жылдагы Жайкы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси.

Жанылыктар