"КЫРГЫЗСТАН банкынын" кубогу кичи-футбол турнири

28 бугу 2021
22-майда биз Банкта тейлеген мекемелер үчүн кичи-футбол боюнча “КЫРГЫЗСТАН банк” кубогун өткөрдүк.
Биз Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын расмий банкыбыз.
Ал эми Кыргыз Футбол Бирлиги менен кызматташуунун алкагында, биздин карточкаларыбыздан эмгек акы алган кардарларыбыз үчүн футболдук майрам уюштургубуз келди.
Турнир төмөнкү багыттарлар үчүн өткөрүлгөн:
  • Футболдун пропагандасы жана популяризациясы
  • Футбол сүйүүчүлөрүнүн эс алууну уюштуруу
  • Достук мамилелерди куруу.
Ош шаарында биз Жалал-Абад жана Ош облустарынын катышуучуларын чогулттук.
"КЫРГЫЗСТАН банк" кубогунун кичи-футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү үчүн  акчалай сыйлык берилди:
  • 1-орун 100 000 сом - Кара-Көл филиалында тейленүүчү "KTГЭС" алды
  • 2-орун 70 000 сом - ОшБД филиалында тейленүүчү ""92840 аскер бөлүгү" алды
  • 3-орун 50 000 сом - Кара-Көл филиалында тейленүүчү "KAГЭС" алды
Бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана турнирдин катышуучуларына мыкты оюндары үчүн ыраазычылык билдиребиз.
        
    
     
    

Жанылыктар