MBank Online аркылуу КР каалаган банкынын Элкарт карталарын толуктаңыз

27 теке 2020

Урматтуу кардарлар!

MBank Online аркылуу Элкарт картасын толуктоо жөнөкөй жана оңой!

Сиз Элкарт картасын карта номери боюнча толуктай аласыз (алдыңкы бетиндеги 16 сан)

"MBank Online" аркылуу Элкартка кантип акча которсо болот?

  1. "Төлөө" - "Регулярдык төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз
  2. "Картанын номери боюнча толуктоону" тандаңыз
  3. "Элкарт карталарын толуктоону" тандаңыз
  4. Картанын номерин жана суммасын киргизиңиз
  5. Маалыматтарды текшериңиз жана төлөмдү ырастаңыз, квитанцияны сактап же каалаган кабарчыга, почтага жөнөтүңүз.

Комиссия 1%, 1 транзакциянын суммасы 150 000 сомго чейин.

*Кызмат биздин Банктын MBank Online кызматына туташкан жана идентификация өткөн карта ээлерине гана жеткиликтүү.


Жанылыктар