Өнөктөш Банктар

Урматтуу өнөктөштөр!    

Терроризмди каржылоого жана кирешелерди мыйзамдаштырууга (акчанын изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкында” иштеген система Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы №135 “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга (акчанын изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын Финансылык Чалгын Кызматынын ченемдик документтеринин талаптарына ылайык түптөлгөн.

Аталган Мыйзамга ылайык, “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААКта Комплайенс контроль кызматы түзүлүп, жооптуу кызматкер дайындалган, Директорлор кеңешинин 2011-жылдын 31-октябрындагы Чечими менен бекитилген “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга (акчанын изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөл эрежелери” иштелип чыккан жана колдонулуп келатат.

Анын алкагында “КЫРГЫЗСТАН Коммериялык банкы” ААК көргөн чаралардын комплексине төмөнкүлөр кирет, бирок муну менен чектелбейт:

  • кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо, “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК жашыруун банк эсептерин (салымдарды), кардарды идентификациялабастан банк эсептерин (салымдарды) ачпайт;
  • кардарларды кирешелерди мыйзамдаштыруу жана терроризмди каржылоо процессине тартуу тобокелдиги көз карашынан баалайт;
  • шектүү операциялардын аныктайт жана иликтейт, террорчулардын белгилүү тизмесинде көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен операцияларды блокировкалайт;
  • Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жаатында КР мыйзамдарына ылайык КР Финансылык Чалгын Кызматынын милдеттүү көзөмөлүнө тиешелүү операциялар тууралуу маалыматтарды берип турат;
  • Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү чараларына жана жол-жоболоруна системалуу түрдө банк кызматкерлерин окутуу программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

Бул системага катышкан финансы-насыя мекемелери менен гана корреспонденттик мамилелерди түзөт. Ошондой эле Банк каттоого турган мамлекеттин аймагында туруктуу иштеген башкаруу органы болбогон банк-резидент эместер менен корреспонденттик мамилелерди колдобойт.

 

Чет өлкөлүк корреспондент банктардын тизмеси