Кредиттик таржымал - бул эмне?
16 тогуздун айы 2019
Сиз насыяны алуу үчүн кайрылганыңызда, биринчиден адистер сиздин кредиттик таржымалыңызды текшеришет. Бул маалымат бирдиктүү кредиттик-маалыматтык бюродон суралат.
Кредиттик таржымал кардар кандай насыяларды алгандыгы жана ал аны кандай төлөгөндүгү жөнүндө маалыматты берет.
Таржымал 3 түрдүү болот:
- Оң - бардык алынган насыялар убагында төлөгөн;
- Терс - алган насыяны кардар убагында төлөгөн эмес, мөөнөттүн өткөрүп жиберген же болбосо азырынча карызы бар;
- Нөлүнчү - бул кардарлан эч качан насыя алган эмес.
Ар дайым кредиттик таржымалыңызга олуттуу кароо керек. Анткени дал ушул нерсе сизди ак ниеттүү жана төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучу катары мүнөздөйт.