Элкарт картасында ПИН-кодду кантип алмаштыруу керек?
26 чын куран 2019
Эгерде Элкарт картаңыздын ПИН-коду бөтөн адамга белгилүү болуп калса же болбосо сизге ыңгалуу сандарга өзгөртөйүн десеңиз, төмөнкү кадамдарды жасаңыз.
ПИН-кодду алмаштыруу үчүн:
- Банкоматка картаны салыңыз
- ПИН-кодду жазыңыз
- «ПИН-кодду алмаштыруу» иштемин тандаңыз
- Жаңы ПИН-код жазып аны ырастаңыз
- Картаны алыңыз.
ПИН-кодду алмаштыргандан кийин, бөтөн адамдарга бербеңиз.
Толук маалымат:
- 0 (312/556) 61 33 33
- 0 (701/770) 33 33 69
- 0 (770) 3333 69 WhatsApp