CONTACT төлөм системасы улуттук Элкарт картасына акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады

31 бугу 2017

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!


CONTACT төлөм системасы улуттук Элкарт картасына жакынкы чет өлкөлөрдөн акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Акчаны ЭЛКАРТ картасына CONTACT төлөм системасынын жакынкы чет өлкөлөрдөгү каалаган кеңсесинен, карточканын бет жагында жайгашкан номерин гана айтып жөнөтсөнүз болот. Эсеп реквизиттерин, картанын ээсинин аты-жөнүн жана башка кошумча маалыматты айтуу зарылчылыгы жок.


Кызмат үчүн комиссия, которуу суммасынан 1% түзөт.
 
Акчаны орус рубли, АКШ доллары жана евро менен жөнөтсө болот, которуулар автоматтуу түрдө кыргыз сомуна конвертацияланат.

Максималдуу сумма 50 000 орус рублин, 5 000 АКШ долларын / еврону түзөт.

 

Күнү-түнү колдоо кызматы:
0 (312) 61 3333
0 (556) 61 3333
0 (770) 3333 69
0 (701) 3333 69


Жанылыктар