Мамлекеттик ипотекалык компания "Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020" программасын ийгиликтүү ашыруу боюнча мыктыларын сыйлады

30 бештин айы 2016

2016-жылдын  26-декабрында  “МИК” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын чегинде  ипотекалык насыялоо процессин жүзөгө ашырууга катышкан банктар арасынан мыкты  насыя адиси,  мыкты филиал жана мыкты банк аталышындагы жеңүүчүлөргө  сыйлыктарды тапшырды.

Коммерциялык банк "КЫРГЫЗСТАН" мыкты өнөктөштүрүнүн бири болуп биздин Банк да сыйлыкка ээ болду.

Бүгүнкү күнгө карата биздин Банк аркылуу 122  адамга насыя берилди. Бул 122  үй-бүлө Жаңы жылды өз үйлөрүндө тосушат дегендик.

Биз МИК менен “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө жана ийгиликтуу кызматташтык үчүн  "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААК  ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жанылыктар