"Кепилдик Фонд" ААК менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

31 тогуздун айы 2016

түрдөң

2016-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде "Кепилдик Фонд" ААК менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду. Келишимдин максаты кичи жана орто бизнеске насыя алуу үчүн Банкка кошумча күрөөлүк камсыздоо катары жардам берүү.

Банктардын акыркы маалыматтарына караганда, куроонун жетишсиздигине байланыштуу, 40%дан 50%га чейин займчылар Банктан сураган насыянын суммасын ала алышпайт. Мындай кырдаал аймактарда турак-жайларды баалоо жана сатуу шарттары жакшы өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу, көбүнчө банктар күрөөгө болгон негизги талап катары - насыя суммасынан 120% болуусу.

 

Кепилдик фонддун негизги максаттары:

- Кичи жана орто бизнести насыялоо системасын өнүктүрүү;

- Кичи жана орто бизнести насыялык ресурстар менен камсыздоо жана ар тараптан колдоо, Start-up долбоорлору да кирет;

- Кичи жана орто бизнес субъектилеринин туруктуулугун жогорулатуу;

- Товар жана кызмат өндүрүшүнүн көлөмдөрүн, бюджетке салыктардын келишин жогорулатуу;

- Жаңы иш орундарын түзүү жана колдоо;

- Бизнести жүргүзүү боюнча финансылык сабаттуулукту жогорулатуу.

 

Маалымат:

"Кепилдик Фонд" ААКы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнунун № 288-р "Кепилдик фондду түзүү" токтому менен түзүлгөн. Азыркы учурда фонддун капиталы 72 млн.сомду түзот, каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ошол эле учурда "Инвестициялык климатты жакшыртуу-" программасынын алкагында Азиялык өнүгүү банкы тарабынан кошумча 3 млн. АКШ доллары берилди. Фонддун жалпы капиталы 280 млн.сомду түзөт.

 

 


Жанылыктар