Verified by Visa технологиялары менен интернетте төлөмдөр коопсуз

18 үчтүн айы 2016

Урматтуу кардарлар!

Банк Verified by Visa технологиясын ишке киргизгүү долбоорун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу маалымдайт. Бул технологиялар интернетте Visa Electron, Classic, Gold төлөм карталары аркылуу коопсуз сатып алууларды жүргүзүүгө жардам берет.

Verified by Visa интернетте төлөм карталары аркылуу коопсуз операцияларды  жүргүзүүгө мүмкүндүк берген эң заманбап технология болуп саналат. Технология аркылуу операцияны жүргүзүп жаткан картанын колдонуучусун идентификациялоого жана максималдуу түрдө карталар аркылуу алдамчылыкка жол бербөөгө шарт түзөт.

Технологияны колдонуу учурунда карта колдонуучусу ар бир операциясын атайын бир колдонмо сыр сөзү аркылуу тастыктайт. Тастыктоо телефонго SMS-билдирүү аркылуу КЫРГЫЗСТАН Банкынын атынан келет.

Кызматты колдонуу үчүн  SMS-маалымдоо кызматын кошуу шарт.

  • Verified by Visa кызматыакысыз.
  • SMS-маалымдоо кызматы – айына 45 сом (Visa Gold колдонуучуларын акысыз)

Маалымат боюнча – 0312 61 33 33 чалсаңыз болот, күнү-түнү.

Жанылыктар