VISA Electron PayWave контактсыз карталарын ишке киргизүү

6 үчтүн айы 2016

Урматтуу кардарлар!

Биздин банк  Кыргызстанда биринчилерден болуп VISA Electron PayWave* карталарын чыгара баштады.

*PayWave – заматта сатып алуу операциясын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген контактсыз төлөмдөрдүн инновациялык технологиясы.
Visa PayWave картасын кассадагы же терминалдагы туташуусуз эсептегичке жакындатып сатып алуу операциясын жүргүзсөңүз болот. Visa PayWave логотиби бар жерде бул технология иштейт.

Контактсыз карталардын артыкчылыктары:

1.     Ыңгайлуу

  • Картаны чөнтөктөгү капчыктан чыгарбай эле койсо болот.
  • Каалаган суммадагы төлөм операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

2.      Ылдам

  • Операцияны жүргүзүү орточо убакыты – бир нече секунд.

3.      Коопсуз

  • Карта Сиздин колуңуздан чыкпайт.
  • Картанын номери жана башка реквизиттер эч кимге көрүнбөйт.

Жанылыктар