Банкка келбестен эле насыяңызды тындырыңыз!
13 тогуздун айы 2015
Эми Сиз насыяңызды Банкка келбей туруп тындырсаңыз болот - Мобилдик банкинг кызматы аркылуу ыңгайлуу жана ылдам!
Бул кандай жүргүзүлөт?
- 996……… форматтагы телефонуңуздун номерине туташылган CBK mBank приложениясына кириңиз.
- «Переводы» бөлүмүн тандаңыз, андан соң «по реквизитам»
- Керектүу реквизиттерди толтуруңуз, тындыруу эсебинин номерин Банктан билсеңиз болот
- Бышыктоо - реквизиттердин бардыгын текшериңиз (Эсеп, БИК, ФАО) жана төлөмдү бышыктаңыз
Эстеп калуу!
- Насыяны тындыруу кызматы CBK mBank приложениясында гана жеткиликтүү
- Насыяны тындырууну жумуш күндөрүндө саат 17:00 чейин жүргүзсө болот
- "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААК гана берилген насыяларды тындырса болот
- Акча жөнөтүү эсептин валютасы акча алуу эсептин валютасы менен окшош болушу зарыл. Башкача айтканда, эгерде сиздин насыяңыз сомдо болсо , мындай учурда Сиз МБ сомдук эсептен гана тындырсаңыз болот. Эгерде насыя АКШ долларында болсо, анда доллардык эсептен гана тындырсаңыз болот.
Мобилдик банкинг аркылуу насыяны тындыруунун инструкциясы.pdf
Сурап билүү телефону 0 312 61 33 33 - күнү-түнү