Мобилдик банкинг кызматында "шаблонду" кантип түзүү керек?

26 баш оона 2015

Эми кайсы бир кызматка - коммуналдык, интернет, уюлдук байланыш ж. б. кызматтарга төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн ар сайын төлөмдун реквизитин терүү зарылдыгы жок.

Шаблонду түзүп, көп сандын тизмесин жаттап убакытты коротпой, төлөм жүргүзсөңүз болот!

Жана ошондой эле сиз төлөмдү "үзгүлтүксүз" кылып койсоңуз болот, мындай учурда автоматтык түрдө сиз тандаган күнү төлөм жүргүзүлүп турат! 

Шаблонду түзүү инструкциясын сиз бул жерден окусаңыз болот  Мобилдик банкинг кызматында шаблонду түзүү.pdf

Эскертүү. Шаблондорду түзүп, үзгүлтүкчүз төлөмдөрдү Мобилдик банкинг кызматындагы web портал аркылуу тескөөлөсө болот. Тескөөдөн кийин шаблонду мобилдик приложениядан көрө аласыз.

Мобилдик банкинг кызматына туташылсаңыз web порталга кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн эмне кылуу керек?

Web порталга кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сиз Банктын бөлүмүнө паспортуңуз менен кайрылып, арызга кол койгондон кийин сизге 8 сандан турган код келет. Бул кодду https://ibank.cbk.kg/ ссылканын "пароль" деген жерге жазуу зарыл. Логин түрүндө МБ регистрациядан өткөн сиздин номериңиз 996... форматы түрүндө жазылат.

Эгерде сиз МБ кызматына туташылбасаңыз, Банкка кайрылган учурда бардык үч каналды туташтырып беришет – USSD, IOS жана Android үчүн приложение, web портал.

Туташуу жана кошумча опцияларды колдонуу акысыз!

Жанылыктар