Сейфти жагымдуу баа менен ижарага берүү!
29 теке 2015
2015-жылдын Теке айынын 23-нөн 2015-жылдын Бештин айынын 31-не чейин сейф уячаларына келишим түзүп, ар бир кардар 50% арзандатууларды алса болот.
Акциянын жүргүзүү мөөнөтү 2015-жылдын Теке айынын 23-нөн 2015-жылдын Бештин айынын 31-не чейин (кошо эсептегенде).
Сейф сактагычтар жайгашкан Банктын бөлүмдөрү:
- Банктын баш кеңсеси – Бишкек шаары, Т. Молдо көч., 54а (“Спартак” стадионунун бет маңдайында)
- Биринчи май филиалы – Бишкек шаары, Эркиндик бул., 59 (Финансы министрлигинин бет маңдайында)
- Райондор аралык филиал – Бишкек шаары, Чүй пр. 32 (Чыгыш - 5, "Изумруд" дүкөнү)
- Ош Башкы Дирекциясы - Ош шаары, Курманжан Датка көч., 119
- Жалал-Абад Башкы Дирекциясы - Жалал-Абад шаары, Эркиндик көч., 13а