MBANKтан бекер санариптик VISA картасын алыңыз жана интернетте жазылууларды жана сатып алууларды төлөңүз!

25 теке 2022

Пластиксиз санарип карталар биздин күнүмдүк төлөмдөрдүн келечеги. Физикалык алып жүрүүчүнүн жоктугу картанын касиеттерине эч кандай таасир этпейт, бирок аны чыгарууга жана кабыл алууга кеткен убакытты кыскартат. Картанын реквизиттери (номери жана жарактуулук мөөнөтү) MBANK мобилдик тиркемесинде сакталат, Банк кайрылууда телефон номерине SMS аркылуу CVV/CVC кодун жөнөтөт.

 Бүгүн биз виртуалдык карталардын артыкчылыктары жөнүндө айтып беребиз:

  • Заматта чыгаруу;
  • Ылдам активдештирүү;
  • Жоготуу мүмкүн эместиги;
  • Финансылык кызматтардын болушу;

Интернетте виртуалдык карталар менен төлөө коопсуз, анткени негизги банк картасынын маалыматтарын киргизүүнүн кереги жок. Бул алардын шылуундардын колуна түшүп калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

MBANKта виртуалдык картаны сом, доллар, евро же рубль менен ачууга болот.

Пластмассадан баш тартуу айлана-чөйрөгө таасирин тийгизет, анткени колдонулган материалдарды кайра иштетүү кыйын. 

Жанылыктар