Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен!

5 бугу 2022

Урматтуу Кыргызстандыктар!

КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Биздин ар бир жараныбыз үчүн Конституция укуктардын жана эркиндиктердин гаранты болуп эсептелет, жеке демилгени, өз алдынчалыкты жана чыгармачылыкты ишке ашыруу үчүн мейкиндикти ачты. Биздин милдет – андагы улуттук баалуулуктарды аздектөө жана сактоо, алардын негизинде туруктуу, укуктук, демократиялык мамлекетти куруу.

Бул майрам гүлдөгөн өлкөнүн символу, Кыргызстандын жарандары үчүн кебелбес кепил болсун. Баарыбызга ишибизде ийгилик, жаңы жетишкендиктер, тынчтык жана ынтымак болсун!

Жанылыктар