MBANK - Кыргызстан боюнча эң популярдуу мобилдик банкинг

22 чын куран 2022

MBANK Kaktus.media рейтингинде биринчи орунга ээ болду!

Популярдуу басылма Кыргызстандын 16 банкынын ичинен Google Play жана AppStore'дон жүктөөлөрдүн саны боюнча мобилдик банкингдердин рейтингин түздү.

Чоң айырма менен биринчи орунду MBANK ээледи — 500 000'ден ашык жүктөө. Бул аны республикадагы эң популярдуу банк тиркемеси кылат. Басылманын маалыматы боюнча, MBANK жөнөкөй жана ыңгайлуу сервисге жана көптөгөн башка артыкчылыктарга ээ, ошол үчүн өлкөнүн колдонуучулары арасында тиркеме популярдуулукка ээ болду.

1000ден ашык кызматтар бар:

  • Жалпы КМШ аймагында мобилдик байланышка, коммуналдык төлөмдөргө, интернет-провайдерлерге, телекөрсөтүүлөргө, салыктарга, мамлекеттик кызматтарга жана башка көптөгөн кызматтарга төлөм аткаруу;
  • Электрондук капчыктарга, кайрымдуулукка, фитр-садакка жана социалдык тармактарга которуулар;
  • Кыргызстандын банк карталарына гана эмес, Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын карталарын дагы толуктоолор;
  • Такси кызматтары, интернет-дүкөндөр, дарыканалар, МКС, окутуу, онлайн оюндар жана башкалар;
  • Кредиттерди тындыруу, микрокредиттик уюмдардын жана бактардын эсептерин толуктоо.

MBANK'тын ар бир колдонуучунун өзүнүн уникалдуу QR-коду бар, анын жардамы менен акча которууларды алууга болот, ал эми QR-кодду сканерлоо товарларды жана кызматтарды бир нече секунданын ичинде төлөө мүмкүнчүлүгүн ачат.

Бизди тандаганыңыз үчүн рахмат! Сиз менен бирге биз жакшыраак, чоңураак жана ылдамыраак болобуз! 

Жанылыктар