Абайлаңыз, алдамчылар!
22 чын куран 2022
Эгерде сиз акчаңызды жоготкуңуз келбесе, анда ЭЧ КИМГЕ БИЛДИРБЕҢИЗ жана эч качан төмөнкү маалыматтарды 3-чү жактарга бербеңиз:
- Картанын жана МБАНК-тын пин-кодун.
- Банк сизге жиберген SMS-тин тастыктоо коддору.
- CVV/CVC (картанын арткы бетинде 3 цифрадан турат) коопсуз коду.
- Картанын жарактуулук мөөнөтү. Бул картанын алдыңкы бетиндеги 4 сан.
Шылуундар алдамчылыктын жаңы түрлөрүн жана жолдорун дайыма ойлоп табышат.
Этият болуңуз! Акчаңызды өзүңүз сактап калууга кам көрүңүз!