Валюта курсунун айырмасы жөнүндө маанилүү маалымат

3 жалган куран 2022

Урматтуу кардарлар, биз дагы бир жолу сиздерге карта менен операцияларды жүргүзүүдө – сатып алууда, накталай алууда, толуктоодо курстук айырма тууралуу эскертебиз.
   
! Операцияны иштетүү убакытысы жана операцияны жүргүзүү убагы ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан курстун айырмасы олуттуу болушу мүмкүн.
  
! Ошондой эле интернет-төлөмдөрдү жүргүзүүдө, картанын номери боюнча же картадан картага которуу жолу менен карта эсебине акча каражаты келип түшкөндө, Банк алынган сумманы төлөм системасынын курсу боюнча эсептелген эсептешүү валютасынын (АКШ доллары) алмашуу курсун эске алуу менен картанын эсебине чегерүү учурунда колдонулуучу Банктын курсу боюнча конвертациялайт.
  
Дагы бир жолу эске сала кетсек, операция учурундагы курс Банктын системасында аны иштетүү учурундагы курстан айырмаланышы мүмкүн, бул операция аткарылган учурдагы картанын балансы азайган сумма менен картанын эсебинен иш жүзүндө эсептен чыгарылган жана картанын көчүрмөсүндө чагылдырылган сумманын ортосунда айырманы жаратат.
  
Каржылык операцияларды жүргүзүүдө муну эске алууну суранабыз.
Мүмкүн болгон ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз.
    
3333 номери аркылуу банктын адистеринен кеңеш алсаңыз болот.

Жанылыктар