Айыл чарбасын каржылоо – 10

21 бирдин айы 2022

Жакында айыл чарба сезону башталат жана сиздер үчүн сонун жаңылыгыбыз бар.
   
«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке киргизүү боюнча келишимге кол койдук.
    
Долбоор мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылат.
 

  • Сумма 20 млн. сомго чейин
  • Пайыздык чен – 6% жылдык.
  • Кредиттин мөөнөтү – 18 жана 36 ай.

 
Кредит боюнча негизги карызды төлөөдө 6 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт берилиши мүмкүн.
 
Кредит берүү жана мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн комиссия алынбайт.
 
 
Ал эми толук консультацияны банктын бөлүмдөрүндөгү адистерибизден ала аласыз.

Филиал даректерин билуу үчүн БУЛ ЖЕРДИ басыңыз

Жанылыктар