Казакстандын банк карталарын MBank аркылуу бир нече чыкылдатуу менен толуктаңыз!
3 жетинин айы 2021
Достор, сиз MBank аркылуу россиялык банктардын карталарын гана эмес, Казакстандын банктарынын карталарын да толуктоого болорун билет элеңизби?
Кантип жасаса болот?
- «Үзгүлтүксүз төлөмдөр» бөлүгүнө кириңиз;
- Андан соң «Картаны номер аркылуу толуктоо» жана «Казакстан банктарынын карталарын толуктоо» бөлүгүн тандаңыз;
- Картанын номерин жана карта ээсинин аты-жөнүн жазыңыз.
Керектүү сумманы толтуруп, которуунун ырастаңыз.
Даяр! Которуу алуучуга ийгиликтүү жөнөтүлдү.