Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктайбыз

7 жетинин айы 2021

Урматтуу мекендештер, Урматтуу «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ААКнын кардарлары жана өнөктөштөрү!

Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бардык мезгилде адамзат өзүнүн тарыхына чоң маани берип келген. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө өлкөбүздүн тарыхында негизги ролду ойногон окуяларды эскерип, ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү гүлдөп өнүгүүнүн пайдубалын түзгөн, пайдубалын түптөгөн ар бир адамдын элесин урматтайбыз. 

Кыргызстан эркиндикке, эгемендүүлүккө карай көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Ал эми тарыхыбызды билүү менен гана туура сабак ала алабыз. Андыктан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз өткөнгө көз чаптырып, келечекке карайбыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу тарых алдындагы ыйык милдет.

Урматтуу кыргызстандыктар, "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" ар дайым өлкөнүн жакшылыгы жана өнүгүүсү үчүн кызмат кылат. Ар бириңиздерди Тарых күнү жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсун!

Урматтоо менен,

ААК "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы".

Жанылыктар