Сбербанк менен КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту

29 аяк оона 2021

2021-жылдын 27-сентябрында Сбербанк менен Kыргызстан Банкынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Анын алкагында Кыргызстан үчүн телемедицина, бет жана үн биометрия чөйрөлөрүндө, ошондой эле Россияда тез жана ишенимдүү жумушка орношуу жаатында жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды киргизүү каралган.

"Сбер биздин экосистемага жаңы чечимдерди жана кызматтарды сунуштап, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну активдүү өнүктүрүүдө. КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында биз Кыргызстандын жарандарына Сбербанк экосистемасынын бир катар кызматтары боюнча сапаттуу жана жогорку технологиялуу тейлөө көрсөтүүнү пландап жатабыз. Биз азыр биздин кыргыз өнөктөшүбүз менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бул долбоорду КМШнын башка өлкөлөрүнө жайылтууну көздөп турабыз", - деди Сбербанк ААКнын төрагасынын орун басары Анатолий Попов.

Жакынкы күндөрү  кыргыз жарандары Сбербанк экосистемасынын Работа.ру, СберЗдоровье сыяктуу кызматтарына жана Россияда популярдуу болгон башка бир катар кызматтарга ээ болушат.

"Кыргызстан Банкы Сбербанк менен биргеликте Россия Федерациясына бара турган кыргызстандыктар, Россияда иштеген эмгек мигранттарыбыз жана Россиянын аймагында иштеп жаткандар үчүн инновациялык продуктыларды, кызыктуу шарттарды даярдайт. Азыртадан эле биздин банктын кардарлары акча каражаттарын Сбербанк Oнлайндан  MBank Онлайнга оңой шарттарда которо алышат. Натыйжада көрсөтүлгөн кызматтардын саны жана мүмкүнчүлүктөрү тынымсыз өсө берет", - деп белгиледи Кыргызстан коммерциялык банкынын төрагасы Жаркынбек Сагындыков.

Буга чейин Кыргызстан банкы Кыргыз Республикасынын банк рыногунда биринчилерден болуп Сбербанк карталары менен MBank Online мобилдик тиркемесинин ортосунда ыкчам которууларды ишке киргизип, Россиядан Кыргызстанга акча которууну ыңгайлуу кылган жана банкка барууну талап кылбайт. Эки тараптуу келишимге кол коюунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тыгыз экономикалык кызматташтыгы мындан ары чыңдай берет жана Кыргызстандын банк секторунда санариптик инновацияга түрткү болот деп күтүлүүдө.

Маалымат үчүн:

КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы –өлкөдө филиалдардын кеңири тармагы (100дөн ашык), банкоматтар (200+) жана терминалдары (1000+) менен Кыргыз Республикасындагы эң ири банктардын бири.

Чекене банк бизнесинин лидерлеринин бири катары, Кыргызстан банкы кардарлардын кеңири чөйрөсүнө жогорку сапаттагы санарип кызматтарды жана тейлөөнүн мыкты сапатын берүүгө умтулат.

Банктын расмий сайты: www.cbk.kg

Сбербанк ААК

"Сбербанк" ААК Россиядагы эң ири банктардын катарында жана дүйнөлүк каржы институттарынын алдыңкыларынын бири. Сбербанк Россиянын банк секторунун активдеринин үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Сбербанк улуттук экономика үчүн негизги кредитор болуп саналат жана депозиттик рынокто эң чоң акциялардын бирине ээ.

Сбербанктын негизиги акцияларынын бири Россия Федарациясынын Финансы министрлиги болуп эсептелет. Ал Сбербанктын уставдык капиталынын 50 пайызга плюс 1 добуш берүүчү акцияга ээ. Калган 50 пайыз минус 1 банктын уставдык капиталынын үлүшү россиялык жана эл аралык инвесторлорго таандык. Банктын кызматын дүйнөнүн 18 өлкөсү пайдаланат. Банк Россияда кеңири филиалдык тармакка ээ: 14 миң кызмат көрсөтүү пункттары бар.

Банктын чет өлкөлүк тармагы Улуу Британияда, АКШда, КМШда, Борбордук жана Чыгыш Европада, Индияда, Кытайда жана башка өлкөлөрдөгү туунду банктардан, филиалдардан жана өкүлчүлүктөрдөн турат.

Банктын башкы лицензиясы №1481 11.08.2015

Банктын расмий сайты: www.sberbank.ru (сайт Сбербанктын тобу) 

2020-жылы Сбербанк ребрендинг өткөрүп, жеке жана корпоративдик кардарларга банктын жана Сбербанк тобунун компанияларынын финансылык жана финансылык эмес кызматтарын сунуштаган.

Сбербанк экосистемасы - бул жашоо үчүн көптөгөн кызматтар, жеке кардарлардын жана бизнестин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө күнүмдүк  жардам.

Сбер экосистемасынын сайты - www.sber.ru.

  

  

Жанылыктар