Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жыл!

28 баш оона 2021

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – ар бир кыргызстандык үчүн эң маанилүү майрамдардын бири. Дал ушул майрам биздин ата мекенибиздин эркиндигинин жана туруктуулугунун символу болуп эсептелет.

30 жыл мурун, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылган – Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана эгемендүүлүгү жарыяланган, башкача айтканда, өлкө өнүгүү жолундагы өз тарыхый тандоосун жасаган.

Бул маанилүү күнү баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана туруктуулук каалайбыз! Ар дайым биздин үйдө тынчтык, ынтымак жана өз ара түшүнүшүү өкүм сүрсүн. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен!


Жанылыктар