КЫРГЫЗСТАН банкы «Балага бакыт бер» кайрымдуулуук акциясына катышты

23 баш оона 2021

Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН «Ата-Нуру» коомдук фондунун тарабынан уюштурулган «Балага бакыт бер» кайрымдуулуук акциясына катышты.

1-сентябрга карата биз жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына рюкзак, канцелярдык товарларды жана окуу куралдарын белек кылдык. Акциянын негизинде 35 бала белек алды. Мектепке чейинки жаштагы балдар түрдүү оюнчук жана боёкторду алышты.

Биз жардам бергенибизге өтө кубанычтабыз. Балдарга окууларында ийгиликтерди каалайбыз!

  

  

Жанылыктар