Ош жана Жалал-Абад шаарларында "МЕН БАНКИРМИН" долбооруна кабыл алуу башталды!
17 баш оона 2021
КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы Ош жана Жалал-Абад шаарларында "Мен БАНКИРМИН" долбооруна кабыл алуу башталганын жарыялайт, анын алкагында ЖОЖдордун студенттери жана бүтүрүүчүлөрү Банктын алдыңкы кызматкерлеринен окутуудан өтө алышат.
Аталган долбоордон эмнени күтсө болот?
- чыныгы кейстер;
- филиалдарда стажировкадан өтүү.
Практикадан ийгиликтүү өтүү - жумушка алуунун кепилдиги!
Долбоорго кантип катышса болот?
Cv_credit@cbk.kg электрондук дарегине "Мен банкирмин" деген белги менен резюменизди жана арызыңызды жөнөтүүңүз керек. Долбоорго 18 жаштан жогорку курактагы улан-кыздар катыша алышат.
Өтүнмөлөр 27.08.2021 чейин кабыл алынат.
Окуунун башталышы: 07.09.2021