Компьютердик жабдууларын жеткирип берүүгө тендер жарыяланат
"Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын Сатып алуу жана Тендердик Комиссиясы укуктуу талапкерлерди компьютердик жабдууларын жеткирип берүүгө чексиз тендерге катышууга чакырат:
Лот №1: 16 – Ноутбук
Лот №2: 15 – Монитор
Лот №3: 15 – Мониторлор үчүн кронштейндер
Лот №4: 16 – Зымсыз чычкандар + клавиатура
Жеткирүү убактысы 5 күндөн 20 жумуш күнгө чейин.
Тендерге катышуу үчүн төмөнкү документтер топтому талап кылынат:
- "Лот" боюнча бөлүштүрүлгөн коммерциялык сунуш
- юридикалык жактар / жеке ишкерлер үчүн мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк.
- юридикалык жакты түзбөстөн жеке жак жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк же жеке адамдар үчүн патент.
- белгиленген тартипте түзүлгөн уюштуруу документтери - юридикалык жактар үчүн.
- банк эсеби.
- карыздардын жоктугун тастыктоо (салык жана социалдык фонд.);
- акыркы эки жылда соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун тастыктоо.
- кардарлардын жок дегенде 3 (үч) оң сын-пикирлеринин болушу.
Документтердин толук топтому иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө дареги Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч., 54а дарегине жеткирүү.
Тендердик табыштамаларды комиссия 2021-жылдын 7-июнунда саат 14:00дө ачат.
Кызыккан талапкерлер кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча ала алышат: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 54А, тел: 0312-61-09-00