Чек китепчелерин жеткирип берүүгө тендер жарыяланат

4 бугу 2021

Бардык уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында катталгандарга

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы" ААКтын Сатып алуулар жана Тендердик Комиссиясы талапка ылайык талапкерлерди төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ылайык 2 000 д. чек китепчелерин жеткирип берүүгө билдирмелерин берүүгө чакырат:

Тапшырыктын параметрлери:

  • Формат:  215 х 100 мм
  • Көлөмү: 25 барак + тыш
  • Түсү: 3 + 1 барактарда, 2 + 1 тышында
  • Кагаз: барактарда - суу белгилери менен, треол кагаз 100 г / м2, тышында - капталган бир жактуу картон, 270 г / м2
  • Мукабалоо: термомукабалоо
  • Кошумча шарттар: ар бир баракты номерлөө жана тешүү
  • Тиражы: 2000 даана.
  • Мөөнөтү 01.06.2021

Сатып алуулар чексиз катышуу ыкмасы менен жүргүзүлөт, бардык сунуштар электрондук почта аркылуу tender@cbk.kg дарегине 2021-жылдын 7-майында саат 12: 00гө чейин кабыл алынат.

Жанылыктар