Банктын акционерлеринин жылдык чогулушу
"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы" ААКы, 2021-жылдын 31-мартында саат 09-00 Бишкек, ул. Тоголок Молдо, 52, Plaza Hotel дарегинде өткөрүлө турган Банктын 2020-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча акционерлердин жылдык жалпы чогулушун төмөнкү күн тартиби менен өткөрүүнү жарыялайт:
- Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү.
- Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН ААКтын Директорлор Кеңешинин 2020-жылга отчетун бекитүү.
- Финансылык пландын аткарылышы жөнүндө отчетту жана 2020-жылга "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банк" ААКнын жылдык ишинин жыйынтыктарын бекитүү (жылдык баланс, кирешелер жөнүндө отчет жана башкалар).
- "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКнын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча тышкы аудитордун корутундусун бекитүү.
- "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКнын 2021-жылга финансылык планын бекитүү.
- 2020-жылга дивиденддерди төлөөнүн өлчөмүн, тартибин жана формасын бекитүү.
- Уставдык капиталды 2020-жылга бөлүштүрүлбөгөн кирешенин эсебинен көбөйтүү жөнүндө. Акциялардын жүгүртүлүшүн көбөйтүү жөнүндө. Акцияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун тартибин бекитүү.
- "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо.
- "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы" ААКтын Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнө сыйлыктын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
- Уставдык капиталын көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын сот органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүзөгө ашырууга байланыштуу "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКнын Уставын жаңы редакцияда бекитүү.
- "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын Директорлор Кеңеши жөнүндө жобонун жаңы редакциясын бекитүү.
- Жана башка.
Акционерлерди каттоо 2021-жылдын 31-мартында саат 08:00дөн 09:00гө чейин жүргүзүлөт.
"Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушуна катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүү күнү 2021-жылдын 1-марты.
Акционерлер жалпы чогулуштун материалдары менен Банктын башкы кеңсесинде, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Тоголок Молдо, 54-а, же телефон аркылуу: 61-53-45 танышса болот.