"КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" - берилген кепилдиктердин жыйынтыгы боюнча мыкты банк
2020-жылдын 1-октябрынан 15-декабрына чейин "Кепилдик Фонду" ААК Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоого багытталган кепилдиктерди берүү боюнча кызматтарды жайылтуу максатында "Миллиард кепилдиктер" акциясын өткөрдү.
28-декабрда, "Кепилдик фонду" ААК өнөктөштөрү үчүн 2020 жылдын жыйынтыгы боюнча сыйлык тапшыруу салтанаты өттү.
"Эң мыкты банк" номинациясын - "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" сыйлуу 1-орунду ээледи.
Аймактар боюнча "Мыкты филиал" номинациясында биздин Банктын төмөнкү филиалдары сыйланышты:
- Ош Башкы дирекциясы
- Нарын филиалы
- Талас филиалы
"Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААКнын насыя берүү бөлүмүнүн бир нече кызматкерлери номинациялар жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Биз чын жүрөктөн куттуктайбыз жана кесиптештерибиздин жетишкендиктерине абдан сыймыктанабыз!