Активдүү Элкарт карталардын саны боюнча Жылдын банкы

15 бештин айы 2020

Активдүү Элкарт карталардын саны боюнча Жылдын банкы

11-декабрда, банктар аралык иштетүү борбору 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды жана өлкөдө нак эмес төлөмдөрдүн жылдыруу жана жайылтуу үчүн банктарга сыйлыктарды тапшырды. Үчүнчү жыл катары менен "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы" ААК Элкарт улуттук төлөм тутумунун активдүү карталардын саны боюнча "Жылдын банкы" сыйлыгын алды.

«Биз чыгарган ЭЛКАРТ карталарынын көлөмүнүн сапаттык көрсөткүчтөрү үчүн сыйлык алгандыгыбызга кубанычтабыз. Чындыгында эле, биздин кардарлар карталарды банкоматтарда накталай акча табуу үчүн гана эмес, ошондой эле накталай эмес эсептешүүлөр үчүн да ыңгайлуу колдонушу үчүн, биз MBank Online тиркемесинде кызматтарды кеңейтип, дистанттык тейлөө каналдарын өнүктүрүүгө көп күч жумшап жатабыз», - деп Башкарма Төрагасынын орун басары Аминат Гривцова белгилеп кетти.

MBank Online тиркемесинде жөнөкөй төлөмдөрдөн баштап 300дөн ашык ар кандай кызматтарды да бар, уюлдук байланыш, айып төлөө, Интернет жана коммуналдык кызматтардан, Россиянын каалаган банк карталарын толтуруу, онлайн-насыя алуу, азык-түлүк жеткирүү, дары-дармек жана дагы көп нерселер бар. Банктын бардык кардарлары үчүн өзгөчө жагымдуу бонус - КЫРГЫЗСТАН Банкынын карталарын күнү-түнү Банктын өнөктөштөрүнүн каалаган терминалдарында же капчыктарында толуктоо мүмкүнчүлүгү - АКЫСЫЗ, болгону MBank Online кызматына туташуу керек:

Өлкө боюнча 10 миңден ашуун терминалдар:

  • Pay24 - акысыз
  • Оңой - акысыз
  • Quick Pay - акысыз
  • UMAI - акысыз

БАНК ТИРКЕМЕЛЕРИ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТАР:

  • Элкарт Мобайл - акысыз
  • Компаньон банкы – акысыз
  • Элсом - акысыз
  • BTB 24 (Банк Бай Тушум) - акысыз

Ошондой эле Банктын карталарын Россиядан түз эле Сбербанк Онлайн аркылуу MBank Online кызматы туташкан телефон номери менен толуктоо.

Жанылыктар