Насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралу маалымат

25 жетинин айы 2020

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы 552 токтомуна ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин насыянын/каржылоонун 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган алгачкы негизги суммасын алган зайымчыларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотулушу сунушталды.

Зайымчынын критерийлери:

  • 2020-жылдын 1-октябрына чейин баштапкы сумма (насыяга берилген сумма) 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган көлөмдө насыя алган зайымчылар;
  • Зайымчы 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын февралына чейинки мезгил ичинде насыянын негизги суммасын гана төлөө графигине ылайык төлөйт жана көрсөтүлгөн мезгил үчүн чегерилген пайыздар / кошмо баалар бюджеттен субсидияланат;
  • Бир зайымчы бир гана финансы-кредиттик уюмдагы (мындан ары - ФКУ) бир кредит/каржылоо боюнча пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотулат . 

Заявканы кантип тапшырса болот? 

  • Зайымчы чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотулушу жана карыз алуучулардын реестрине киргизилиши үчүн, жазуу жүзүндө, анын ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу (e-mail: Credit@cbk.kg), Банкка арызы менен 2020-жылдын 5‑декабрына чейин кайрылышы керек;
  • Эгерде зайымчынын бир нече ФКУда насыялары бар болсо (параллелдүү насыялар), анда Банктан билдирүү алган зайымчы өз каалоосу боюнча тандалган ФКУга кат жүзүндө, анын ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу, реестрге киргизүү үчүн кайрылышы керек.

Реестрге киргизүү үчүн арыз.docx

Баш тартуу - арыз (реестр).docx

Жанылыктар