"Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ышкыбоздор командалары арасындагы "Фан Лигасы Кыргызстан - 2020" турниринин башкы демөөрчүсү
7-ноябрдан 9-ноябрга чейин Кыргызстан Футбол Бирлигинин Футбол борборунун талааларында, Кыргыз Футбол Союзунун жана Кыргыз Республикасынын Спорт Лигасынын колдоосу астында өткөрүлүп, сүйүүчүлөр командаларынын арасындагы биринчи "Фан Лигасы Кыргызстан - 2020" турнири болуп өттү.
Башкы демөөрчү "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" болду.
Иш-чаранын негизги максаты - өлкөдө массалык футболду жайылтуу жана өнүктүрүү, атамекендик футболчулардын чеберчилик деңгээлин жогорулатуу.Турнирде өз аймактарында жеңүүчү аталган 8 команда катышты.
Турнирдин жыйынтыктары:
- 1-орун - "Беловодск" (Чүй областы)
- 2-орун - "1-Май" (Ысык-Көл облусу)
- 3-орун - "Банк КЫРГЫЗСТАН" (Бишкек)
- 4-орун - "Бай-Түшүм Банкы" (Ош).
Турнирдин жүрүшүндө өзгөчө айырмаланган оюнчуларга жеке сыйлыктар тапшырылды, алардын арасында биздин кызматкер Өмүрбек Джунушбеков дагы бар.
Ал турнирдин "Мыкты коргоочусу" аталды. Бардык жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз!
- "Мыкты коргоочу" - Өмүрбек Джунушбеков