2020-жылдын 1-октябрынан баштап, белгисиз электрондук капчыктын колдонуучулары төлөмдөрдү жүргүзө алышпайт.

24 баш оона 2020

Урматтуу кардарлар!

КРУБтун ченемдик укуктук актылары боюнча, 2020-жылдын 1-октябрынан баштап, белгисиз электрондук капчыктардын колдонуучулары электрондук капчыктарды колдоно алышпайт жана төлөмдөрдү жүргүзө алышпайт.

Ушул себептен, Банк MBank Oline кызматында кардарларды идентификациясыз өз алдынча каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алып салган.

Учурда MBank Online электрондук капчыгын идентификациясыз колдонуп жаткан кардарлар, 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Банктын филиалдарында идентификациядан өтүшү керек же биздин веб-сайт аркылуу банк картасына заказ бериши керек.

2020-жылдын 1-сентябрынан баштап, белгисиз электрондук капчыктардагы БАРДЫК кызматтар жеткиликсиз болот!

Жанылыктар