«Сбербанк» жана «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» - бир жыл бирге

20 баш оона 2020

2019-жылдын 20-августунда Россиядан Кыргызстанга "Сбербанк Онлайн" жана "MBank Online" кызматтарынын ортосунда акча которууларынын долбоору ийгиликтүү ишке киргизилген жана бул кызмат өзүнүн биринчи жылдыгын белгилейт.

«КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» - Сбербанктын которууларынын экотутумуна кошулган КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң биринчи банк.

«Биз Россияда жашап жана иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн чындыгында ыңгайлуу кызматты түзүп, каражаттарды которуу жана алуу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөй кылып жасадык. Керексиз тилкелерди толтуруунун, узак карталардын номерлерин ж.б. маалыматтарды эске алууга кажети жок, сизге алуучунун биздин Банктын MBank Online-на туташтырган уюлдук телефон номери гана керек болот " - деп «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Аминат Гривцова түшүндүрмө берди.

Биргелешкен биринчи долбоор ийгиликтүү ишке киргизилгенден кийин, банктар өз аракеттерин кеңейтүүнү улантышты жана 2020-жылдын май айында МБанк Онлайн тиркемеси аркылуу Сбербанктын кардарларына телефон номери жана картанын номери боюнча которулган.

«Бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия алыскы тейлөө каналдарына болгон мамилени өзгөрттү, кардарлар мындай кызматтарга өтө зарылдыгын сезишти. Биздин кардарлар көптөгөн кызыктуу жана ыңгайлуу кызматтарды жана Интернеттеги тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн таба алышат, бул кыргызстандыктардын финансылык жашоосун жөнөкөйлөтөт» - деди «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын» Дистанттык банктык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Назгүл Саманчиева.

"Сбербанк Онлайн" тиркемеси аркылуу Россиядан Кыргызстанга "Банк КЫРГЫЗСТАН" карталарына которуу

"Сбербанк" карталарына "MBank Online" тиркемеси аркылуу Кыргызстандан Россияга которуу

Жанылыктар